Орусияда кыргызстандык жаран жол кырсыктан каза болду. Чоо-жайы

Орусияда кыргызстандык жаран жол кырсыктан каза болду. Чоо-жайы

Орусиянын Курган облусунда кыргызстандыктар жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 25-апрелде Екатеринбург-Шадринск-Курган унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргызстандык Б.У., алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч. жана жүргүнчү 1999-жылы туулган М.К. ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга Жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>