Эки күндө 500дөн ашык бала пландуу эмдөөдөн өттү

Эки күндө 500дөн ашык бала пландуу эмдөөдөн өттү

Эки күндүн ичинде EЭЖнын алкагында 500дөн ашык бала пландуу эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 24-апрелинде Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул демилгеге Кыргызстан да кошулууда. Өлкөнүн бардык аймактарында жумалыктын алкагында иш-чаралар жигердүү өтүп жатат.

Эмдөөнүн артыкчылыктарын сандар тастыктап берет. Эмдөө жыл сайын дифтерия, селейме, көк жөтөл, кызамык, май чукурдун сезгенүүсү жана кызамык өңдүү оорулардан 2-3 миллион адамдын өмүрүн сактап калууда. Вакцинаны өз убагында алган балдардын санынын көбөйүшүнө эмдөө жумалыгы да салым кошуп келет. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык бала дифтерит, селейме жана көк жөтөл өңдүү ооруларга каршы эмделет.

«Буга чейин бүтүндөй шаарларды жок кылган чечек, полиомиелит жана башка кооптуу илдеттер бүгүнкү күндө эмдөөнүн жардамы менен коркунуч жаратпай калды.

Бирок калктын басымдуу бөлүгү эмдөө алганда гана иммунизациянын натыйжасын көрө алабыз. Эмдөөдөн жапырт баш тартуу орто кылымдагы эң кооптуу оорулардын кайтып келишине шарт түзөт. Ошондуктан, эмдөөнүн мааниси тууралуу эскертип туруш керек» деп айтылат билдирүүдө.

Эки күндүн ичинде 500дөн ашык бала EЭЖнын алкагында пландуу эмдөөдөн өттү. Эки күндүн ичинде 1500дөн ашык адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эмдөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>