Кыргызстандын Улуттук банкы декабрь айындагы экинчи ирет интервенция жүргүздү. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирет.
Бул жолу Улуттук банк 10,3 миллион доллар сатты. Мындай кадам сомдун кунун кармап калуу үчүн жасалууда.
Улуттук банк жыл башынан бери 28 — жолу интервенция жасады, жалпысынан банк 446 миллион доллар саткан.
Бүгүн, 8-декабрда доллардын коммерциялык банктардагы курсу: сатып алуу – 84, 75 сом, сатуу – 84, 9 сом.