30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайт
Декабрдагы экинчи интервенция! Улуттук банк 10,3 млн доллар сатты
08.12.2020 | 09:45
Кыргызстандын Улуттук банкы декабрь айындагы экинчи ирет интервенция жүргүздү. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирет.
Бул жолу Улуттук банк 10,3 миллион доллар сатты. Мындай кадам сомдун кунун кармап калуу үчүн жасалууда.
Улуттук банк жыл башынан бери 28 – жолу интервенция жасады, жалпысынан банк 446 миллион доллар саткан.
Бүгүн, 8-декабрда доллардын коммерциялык банктардагы курсу: сатып алуу – 84, 75 сом, сатуу – 84, 9 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика