Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады.
Кыргызстандын Германиядагы (кошумча, дагы беш өлкөдөгү) мурдагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин декларациясына ылайык, ал 2021-жылы 4 млн 584,3 миң сом киреше тапкан.
Андан тышкары анын ээлигинде 164 чарчы метр батир жана 34 чарчы метр дача үйү бар.
Ал эми анын жакын туугандары 2021-жылы 816 миң сом киреше тапкан. Ал мүлктөрдөн 82 чарчы метрлик батир бар.
Эскерте кетсек, Эрлан Абыдылдаев Германиядагы элчи кызматына 2020-жылы июль айында дайындалып, 2022-жылы февраль айында кызматтан алынган.
Кийинчерээк апрель айында Тажикстандагы элчи болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз