Бишкек: Мэрия ыш маселесин чечүү үчүн мончолорду салат — видео

Бишкек: Мэрия ыш маселесин чечүү үчүн мончолорду салат — видео

Бишкектеги ыш маселесин чечүүнүн бир жолу катары социалдык мончолорду куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров УТРКнын «Сөздөн ишке» берүүсүндө билдирди.

Ал, маегинде, учурда Бишкекте ыш маселеси курч турганын, эл тарабынан аны чечүү талаптары болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы конуштарда Кара-Кече көмүрү жагылып, андан чыккан түтүн шаарды каптап жатат.

Ошол эле учурда ал ыш маселесин чечүүнүн бир жолу катары социалдык мончолорду куруу пландалып жатканын айтып өттү. Бул тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.

«Бишкек шаарында 240 жеке менчик мончо бар. Алар синтетикалык калдык, машинанын дөңгөлөктөрүн, көмүр жагышат. Андан кийин ыш шаардын баарын каптап жатат. Ыш маселесин чечүүнүн бир жолу катары социалдык мончолорду куруу тапшырмасы берилди. Муниципалдык-аймактык башкармалыктардын башчылары менен жолугуп план түзүп жатабыз. Ар бир райондо жок дегенде үчтөн социалдык мончо куруш керек деген маселе турат. Бул да ыш маселесин чечүүнүн бир жолу», — деди ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрдагы маегинде ыш маселеси тууралуу сүйлөп, менчик мончолордо чүпүрөк, резина жагыларын, бул маселени чечүү үчүн жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салууга тапшырма бергенин билдирген.

Садыр Жапаров Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн жолун айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>