Депутат Аида Исатбек кызы жума намаз алдында мечиттерде үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү зордук-зомбулук боюнча кылмышка шектелип жаткандардын арасында динди карманып, мечитке барып жүргөндөр бар экенин айтышты.
«Кара-Сууда 5 жашар кызды үйүнөн уурдап кеткен жаран дагы мечитке барып жүргөн экен. Ошондуктан жума намаз алдында түшүндүрүү иштери жүрсө. Дин иштери боюнча комтиссия атайын чараларды иштеп чыкса», — деди ал.
Белгилей кетсек, 15-апрель күнү Кара-Суу районундагы 5 жашар кыз үйүнөн уурдалып, айыл сыртынан бейтааныш кишинин унаасынан табылган. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө жүрүп жатат.