Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Депутат үй-бүлөлүк зомбулукка күрөшкө мечиттерди тартууну сунуштады
18.04.2024 | 11:52
Депутат Аида Исатбек кызы жума намаз алдында мечиттерде үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү зордук-зомбулук боюнча кылмышка шектелип жаткандардын арасында динди карманып, мечитке барып жүргөндөр бар экенин айтышты.
“Кара-Сууда 5 жашар кызды үйүнөн уурдап кеткен жаран дагы мечитке барып жүргөн экен. Ошондуктан жума намаз алдында түшүндүрүү иштери жүрсө. Дин иштери боюнча комтиссия атайын чараларды иштеп чыкса”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 15-апрель күнү Кара-Суу районундагы 5 жашар кыз үйүнөн уурдалып, айыл сыртынан бейтааныш кишинин унаасынан табылган. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом