Эркин күрөштөн 6 балбан Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт

Эркин күрөштөн 6 балбан Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт

Бишкекте эртең, 19-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдеш башталат. Турнир 21-апрелге чейин уланат.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш, 20-апрелде кыз-келиндер күрөшү жана 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгат.

Бул турнирге өлкө атынан эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Андрей Аронов (97 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) катышат. Белгилей кетсек, лицензияны финалга чыккан экиден спортчу алат.

Мелдеш «Бишкек Аренанын» имаратында өтөт (дареги: Виноградная көчөсү 1/3). Беттештер саат 10:30да башталат. Турнирди УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, эркин күрөштө 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактар олимпиадалык болуп саналат. Азырынча эркин күрөштөн кыргызстандык балбандар Олимпиадага жолдомо ала элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>