«Эл нараазы болуп жатат». Ташиев жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды (видео)

«Эл нараазы болуп жатат». Ташиев жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды (видео)

Жергиликтүү бийлик органдардын шалакылыгынан эл арасында нараазычылык көбөйүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал иштей албаган район, облус башчыларына иштен кетүүнү сунуштады.

«Элдин арасында нараазычылык көп болуп жатат. Президент баш болуп күнү-түнү иштегени менен жергиликтүү аткаминерлер аракеттенбей жатышат. Иштебесеңер, орунду ээлеп олтура бербей, кеткиле. Ордуңарга чуркап иштей тургандар келет», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМК башчысы Жалал-Абад облусундагы маселелерге президенттин өкүлү, прокуратура, ИИМ жана УКМКнын аймактык жетекчилерине жоопкерчилик артты.

«Жеке проблеманы чечкинди токтоткула. Жеке проблема чечилбесин. Элди карагыла. Коом нараазы болсо төртөөң жооп бересиңер», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>