Депутат альпинисттер 6 миң метрден бийик тоого чыгууга уруксат алууну демилгеледи

Депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңешке “Альпинизм жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгеледи. Ага ылайык, бийиктиги 6000 метрден ашкан чокуларга чыгууга альпинисттер атайын уруксат кагаз – пермит алышы керек.
Токтошевдин айтымында, пермит коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана чыгуу процессин көзөмөлдөө үчүн шарт түзөт. Мыйзам долбооруна ылайык, пермит алуу чукул кырдаалдарда ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, чыгымдар камсыздандыруу системасы аркылуу жабылат.
Мындан тышкары, альпинисттер таштандыны чогултуп ылдый түшүрүүгө милдеттендирилет, бул аймактын табигый абалын коргоо максатында киргизилүүдө.
Мындай чаралар соңку учурларда чокуларга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы пайда болгон шартта сунушталууда. Андан улам, депутат мыйзам долбооруна альпинист Наталья Наговицованын окуясы түрткү болгонун белгиледи.