Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Мектептерде акча чогулткандар жоопко тартылат — Агартуу министрлиги
04.09.2025 | 11:55

Агартуу министрлиги бардык мамлекеттик мектептерге эскертүү жасады.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуучулардан, ата-энелерден же башка адамдардан мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат. Мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүү дагы токтотулушу керек.
Мыйзам бузуулар аныкталган учурда күнөөлүү кызматкерлерге карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар колдонулат. Бул чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу» жарлыгына негизделген.
Министрлик ата-энелерди жана мектеп жетекчилигин мыйзамды так сактоого чакырып, балдардын укугун коргоого үндөдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом