Депутат Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына карата ардагерлерге жардам көрсөтүүнү суранды

09.04.2026 | 11:48

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева жыйында Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Анын айтымында, жакынкы убакта Чернобыль кырсыгы болгонго 40 жыл толот жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандар колдоого муктаж.

Депутат ардагер-чернобыльчулар Жогорку Кенешке жардам сурап кайрылышканын маалымдады.

«40 жыл мурун алар өз каалоосу менен эмес, атомдук станциядагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга жөнөтүлгөн. Бизден ошол учурда 6 миң адам жиберилген. Азыр алардын ичинен 960 адам гана калды. Алар бир жолку жардам сурап жатышат, берели. Бул маселени карап бериңиздер», — деди Мавлюда Калбердиева спикер Марлен Маматалиевге жана президенттин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып.

Бул маселени талкуулоо үчүн спикер Марлен Маматалиев Бектур Зулпиевди кабинетине чакырды.

Scroll to Top