Депутат Исаев: Шайлоого бөлүнгөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө жумшоо керек

Депутат Исаев: Шайлоого бөлүнгөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө жумшоо керек

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнө коронавирустун жайылышына жол бербөө тууралуу отчёт беришти.

Жыйында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев коронавирус менен күрөшүүгө  Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 млн сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 20 млн сом бөлүнгөнүн айтып, бул каражат жетиштүүбү деп сурады.

Өкмөт башчы Абылгазиев бул каражат жетиштүү эместигин жана алдыда дагы каражат керек болорун айтты.

«Донорлор, ишкерлер, депуттар дагы бир айлык акысын беребиз деп жатышат. Кыргызстанга бул вирус жаңы эле келди», — деди ал.

Исаев ушул жылдын 12-апрелинде республика аймагындагы 5 ири шаарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөөрүн айтып,  эл коронавирусту жуктуруп албашы керектигин белгиледи.

«Токмок менен Ош чек арага жакын шаарлар. Коңшу Казакстан Өзбекстанда дагы ушул оору чыкты. Кытай менен дагы бул шаарлардын бир топ ишкерлери тыгыз байланышта. Аталган шаарлардан коронавирус чыкпайт деп кепилдик бере аласызбы?», — деп сурады эл өкүлү өкмөт башчыдан.

Абылгазиев: «Вирус чыкпайт деп кепилдик бере албайбыз. Умрадан келген 144 адамдын ким менен байланышта болгондорун тастыктап чыгууга убакыт бергиле».

Канат Исаев Бишкекте Нооруз майрамында боло турган көк бөрү турнирине эрте келип алган көкбөрүчүлөр 2 млн сомдон чыгымга учураганын кошумчалады.

«Коронавируска карата оюн  жылдырылды. Көк бөрүчүлөр Бишкектеги иподромго эрте барып алышып, 2 млн сомдон чыгымга учурашты. Ошого карабастан Өкмөттүн чечимин кабыл алдык. Күйөрмандары жок оюнду өткөрүүгө деле макул болчубуз. Анткени ачык асман, таза абада ойношмок. Оюн талаасында 27 гана адам болмок», — деди депутат.

Мындан тышкары эл өкүлү үгүт иштерине 2 миңдеп шайлоочуларды чогултуп алуу кооптуу экенин билдирди.

«Үгүтчүлөр ар бир үйдү кыдырат, акча таратылат. Акчадан дагы вирус жугат деп жатышат.  Учурда илдетти жугузуп алуу тобокелдиктери өтө чоң. Шайлоону өткөрүүгө 64 млн сом караптырсыңар. Шайлоого жумшай турчу акчаны вирус менен күрөшүүгө жумшасаңар кандай болот? Кытай коронавирустан тез арада арылды. Алар катуу тартиптин негизинде жеңди. Карантинди бузгандарга 10 жыл эркинен ажыратуудан баштаган өлүм жазасына чейин карашыптыр. Ал эми Кыргызстан алдын-ала чара көрү менен гана жеңе алабыз», — деп белгиледи Исаев.

Канат Исаев өкмөткө тобокелчиликтер бар жерлерди эртелеп аныктап, тез арада чечим кабыл алуу керектигин сунуштады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>