Депутат Кыргызстанда TikTok′тун контентин көзөмөлдөөнү сунуштады

Депутат Кыргызстанда TikTok′тун контентин көзөмөлдөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов TikTok социалдык тармагына чектөө киргизүү керектигин айтты.

Анын айтымында, TikTok жаштарга терс таасирин тийгизип жатат жана бул боюнча чара көрүлүшү керек.

“Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырма берип, TikTok′тогу контенттер бурмаланып жаткандыгы боюнча тапшырма берүү керек. Мамлекеттин дагы улуттук идеологиясы болушу керек да. Бул тармакты көзөмөлдөгөндөр эмне кылып жатышат? Башка өлкөлөрдө Казакстан, Өзбекстанда TikTok′тун жаман жактары көрсөтүлбөйт”, — деди Шайлообек Атазов.

Буга чейин депутат Жаныбек Кыдыкбаев TikTok социалдык тармагындагы контенттер кыргыз элинин менталитетине туура келбей турганын айтып, аны жабууну сунуштаган.

Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok′ту жабууну сунуштады — видео

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>