Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Депутат: Өкмөт облигация чыгарып, чет жактан 1,7 млрд доллар тартууну көздөөдө
24.02.2025 | 09:40
Кыргызстандын министрлер кабинети капиталдын эл аралык рыногуна тышкы облигацияларды чыгарып, 1,7 млрд доллар акча тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Ал тиешелүү буйруктун долбоору парламентте караларын айтты.
Ошондой эле ал облигациялар чыгарыла турган негизги шарттарды атай кетти:
- валюта: кыргыз сому, оффоршдук кытай юаны, АКШ доллары, евро, гонконг доллары, БАЭ дирхамы;
- облигациянын номиналы: 100 доллардан кем эмес;
- облигациянын жүгүртүүдө боло турган мөөнөтү: 10 жылга чейин;
- купондук төлөмдөр (пайыздык төлөмдөр): жылына бир же эки жолу;
- облигация боюнча карызды төлөө: мөөнөттүн аяктаганда бир жолу же бөлүп төлөө;
- облигацияны чыгаруу жолдору (валютасы, мөөнөтү, көлөмү ж.б.) анын чыгаруучу тарабынан рыноктук шарттарды жана инвестордун суроо-талабын эске алуу менен аныкталат;
- эл аралык жана жергиликтүү кеңешчилердин кызматына кеткен чыгымдар чыгарылган облигациянын суммасынан 1%га чейин болот жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.
Депутаттын айтымында, облигацияларды чыгарып, чет жактан алына турган акча негизги инвестициялык, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорго, биринчи кезекте энергетика тармагына, анын ичинде анын инфраструктурасын жаңылоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын жайылтууга жумшалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом