БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Депутат Пархат Түлөндүбаев Жогорку Кеңеште ант берди
29.01.2025 | 10:18
Пархат Түлөндүбаев бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.
Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат.
Эскерте кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев жакында эле Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, ага байланыштуу мандатынан ажыратылган. Анын мандаты Пархат Түлөндүбаевге тийген.
Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынын тизмеси менен, «2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом