Ирандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келдиКОСУнун бүтүрүүчүсү Көчмөндөр оюндарында өз коллекциясын тартуулайтКөчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек?Турчин, Мишустин жана башка чет элдик өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташтыГуля Кожокулова: «ШКУ саммити — бул Кыргызстандын жетилгендигинин жана жоопкерчилигинин сыноосу»Кытай менен мамилелердин жаңы этабы: Си Цзиньпиндин КРга иш сапары кандай жыйынтыкталды
Депутат Пархат Түлөндүбаев Жогорку Кеңеште ант берди
29.01.2025 | 10:18
Пархат Түлөндүбаев бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.
Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат.
Эскерте кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев жакында эле Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, ага байланыштуу мандатынан ажыратылган. Анын мандаты Пархат Түлөндүбаевге тийген.
Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынын тизмеси менен, «2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом