Депутат райондук кеңештерди жоюуну сунуштады. Мыйзам долбоор талкууда

Депутат райондук кеңештерди жоюуну сунуштады. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңештин депутат Максатбек Сарбагышев “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Анын пикиринде, райондук кеңештер жөнүндө жобону алып салуу керек. Президенттин 2022-жылдын 18-октябрындагы жарлыгын аткаруу менен Министрлер кабинети өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана орто мөөнөттүү мезгилге региондорду өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгууда.

Бул картада жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерде башкаруу системасын киргизүү менен административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы модели боюнча документтин долбоорун иштеп чыгуу да каралган. Азыр Министрлер кабинети бул программаны ишке ашыруу үчүн акча издеп жатат.

Баткен облусунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн аткаминерлер мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра карап чыгууга аргасыз болушат.

Ошондуктан Максатбек Сарбагышевдин айтымында, райондук кеңештерди түзүү актуалдуу болбой калды жана бул институттарды жоюу керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>