Видео: Ысык-Көлдө мас абалда унаа башкарган сот иштен кетти

Видео: Ысык-Көлдө мас абалда унаа башкарган сот иштен кетти

Мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалганы айтылган Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аталган окуяга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөргөн. Кеңешмеде Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгы менен Жеңишбек Барынбаевдин ишин карап, кайра артка кайтарган Каракол шаарынын соту Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү сунуштамасы Соттор кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин жарандык активист Эртай Искаков Ысык-Көл облусунун административдик соту Жеңишбек Барынбаев 8-мартта мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалганын, бирок ал жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылып жатканын билдирген. Анын айтымында, бул ишти Каракол шаарынын соту Азамат Абдираев карап, кайра артка кайтарган.

Активист: Мас абалда унаа айдаган сот жоопкерчиликтен качып жатат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>