Депутат түнгө жуук кир жуучу машинаны иштетүүгө тыюу салууну сунуштады

Депутат түнгө жуук кир жуучу машинаны иштетүүгө тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров кечки саат 22:00дон кийин кир жуучу машина менен кир жууга тыюу салууну сунуштады.

Парламенттин бүгүн, 19-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев иштеп чыккан «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул документ менен караоке, кафе-ресторандарга, жарандарга түнкүсүн белгиленген нормадан ашыкча үн (дарылдаган музыка ж.б.) чыгарууга тыюу салуу сунушталууда. Тартипти сактабагандарга Укук бузуулар кодексинде тиешелүү жаза каралган.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Элдар Абакиров кечки саат 22:00дон кийин кир жуучу машинаны да иштетүүгө тыюу салууну сунуштады.

«Швейцарияга барганда бир таң калычтуу нерсе көргөм, Ал жакта саат 22:00дон кийин кир жуучу машинаны колдонууга болбойт экен. Анткени анын иштегени элдин уктаганына тоскоол болот. Балким ал нерсени мыйзамга кошуп коюш керек. Өзгөчө, кир жуучу машина кирди сыкканда, катуу үн чыгарып, кошуналарды уктатпайт», — деди ал.

Ошондой эле ал Бишкектин түштүк тарабында түнкүсүн кимдир бирөөлөр дайыма салют атарын айтып, ага да тыюу салууну сунуштады.

«Саат 00:00до дайым салют болот. Эки-үч жылдан бери байкайм, ал жерде чоң кафе же ресторан барбы, салют атылат. Ошого да тыюу салыш керек. Анткени түнкү 12де кичинекей балдар ойгонуп кетет», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>