Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Нарында тургундун 1 млн сомдук 5 жылкысы уурдалган
19.06.2024 | 12:41
Нарындын Жумгал районунда жылкы уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Быйыл март айында белгисиз адамдар Байзак айылынын тургунунун баасы 1 млн сом болгон 5 жылкысын уурдап кеткен. Бул факт боюнча “мал уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулук кылган деп Тогуз-Торо районунун (Жалал-Абад облусу) 22 жаштагы А.Н. аттуу тургуну шектелип, ал Ысык-Көлдөн кармалды.
Соттун чечими менен шектүү тергөө абагына камакка алынды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.