Депутат Жамалдинов: Кыш келди. Көмүр баасына көзөмөлдү күчөтүү керек

Депутат Жамалдинов: Кыш келди. Көмүр баасына көзөмөлдү күчөтүү керек

Өкмөт азык-түлүк менен отун кескин кымбаттабайт деген эле, тилекке каршы, азыр ун менен көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетти. Өкмөт, анын атайын органдары мындай абалды көзжаздымда калтырбай, бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Кыш келди, көмүрдүн баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти. Баа баардык аймактарда көтөрүлүүдө: Ошто – 2300-7000 сом, Бишкекте – 3400-3900 сом, Ысык-Көлдө – 5000-5800 сом, Жалал-Абадда – 6000-6500 сом. Балким көмүрдүн баасын ортомчулар көбөйтүп жатат. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — деди депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>