ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Депутат жарандарды өкмөттү сотко берүүгө чакырды
29.02.2024 | 10:39
Электр энергеясынын жетиштүүлүгүнө карабай өлкөдө кайра-кайра жарык өчүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
Ал аткаруу бийлиги алдын ала эскертүү бербей жатканын айтты.
“Бардык жакта жарык өчүп жатат. Электр энергесиянын тартыштыгы жок деп жатышат. Анда эмнеге өчүрүшөт? Жарандарды өкмөттү сотко берүүгө чакырам. Сиздердин энергокомпаниялар менен келишимиңиз бар, сөзсүз утасыздар. Анткени эскертпей, маалымат бербей өчүрө албайт. Сот аркылуу бардык чыгымдарды өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүңүздөр бар”, – деп депутат жарандарга кайрылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом