Айыппулдун туумун мурда төлөгөндөр акчасын кайтарып ала алабы? Юристтин жообу

Айыппулдун туумун мурда төлөгөндөр акчасын кайтарып ала алабы? Юристтин жообу

Кыргызстанда жол эреже бузган айдоочулардын айыппулду кечиктирип төлөгөнү үчүн кошулган туум (пеня) жоюлду. Тиешелүү мыйзам 2024-жылдын 28-февралында күчүнө кирди.

Белгилүү болгондой, мурда айдоочулар айыппулду өз убагында төлөбөгөнү үчүн анын үстүнө кошулган туумду да төлөп келген. Жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары аталган туум жокко чыгарылып, эми айдоочулар айып салынган сумманы гана төлөй турган болду.

Ошол эле учурда мыйзамда мурда айыппулдун туумун төлөгөн жарандарга туумдун акчасын кайтаруу же кандайдыр бир жеңилдик каралган эмес. Мындан улам жарандарда “мурда айыппулду тууму менен кошо төлөгөм, туумдун акчасын кайтарып алсам болобу?” деген суроолор бар болгондуктан, аларга юрист жана адвокат Шердор Абдыкапаров жооп берди.

“Мага “2-3 жыл мурда айыппул менен кошо туумду төлөгөнбүз, ошол акчаны (туумдукун – ред.) сотко же МАИге арыз жазып, кайтарып алсак болобу?” деген суроолор түшүп жатат. 2-3 жыл мурда болобу, айыппулду туум менен кошуп төлөгөн болсоңуз, сот аркылуу болсо да ала албайсыздар. Ал акчалар “төлөндү, болду” деген сөз.

Ошол эле учурда 2-3 жыл мурда айыппул салынып, аны төлөй элекмин, мисалы 7,5 миң айыппул бар, анын тууму өсүп отуруп, 15 миң сомго чыкты. Ошонун тууму алынабы? Айыппул төлөнө элек” деген суроолор да келди. Эгер айыппул төлөнө элек болуп, ал 15 мин сомго чейин өскөн болсо, мыйзам күчүнө киргенден баштап ал автоматтык түрдө 7,5 миң сомго түштү. Башкача айтканда айыппулду тууму жок төлөйсүздөр”, — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>