Депутаттар айрым аймактарда өзгөчө абалды узартууну колдоп беришти

Депутаттар айрым аймактарда өзгөчө абалды узартууну колдоп беришти

Жогорку Кеңешдин депутаттары Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу боюнча Президенттин жарлыгын колдоп беришти.

Айрым аймактарда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартуу боюнча чечим Коопсузудк кеңешинин жыйынында кабыл алынып, Президент ага 28-апрелде кол койгон.

Буга чейин өзгөчө абал жарыяланган Нарын шаары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда 30-апрелден тартып өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Кийин анын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, мурдагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Ат-Башы району кошулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>