Парламентте «Ата-Түрк» паркындагы кырдаалды көзөмөлгө алуу сунушталды

Парламентте «Ата-Түрк» паркындагы кырдаалды көзөмөлгө алуу сунушталды

Мэрия «Ата-Түрк» паркынын аймагын кайра калыбына келтирүү аракетинде «бөрк ал десе баш алып жатат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, хансарайлардын ээлери, жер тилкесине мыйзамсыз кожоюн болгондор менен бирге күнөөсүз жарандар дагы жапа чегип калышы мүмкүн.

Эмил Токтошев Малдыбаев 54А жана 54Б дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү батир ээлери парламентке кайрылуу жолдогонун айтты.

«Парктын жерлери колдон колго өтүп кеткен. Мен хансарайлар жөнүндө айткан жокмун. Ал жерде көп кабаттуу үйлөр бар. Андагы 250 батирдин жашоочуларында күнөө жок. Алардын арасында карапайымдар, мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер бар. «Бөрк ал десе, баш алып», элдин нааразычылыгын пайда кылып жатат. Миң киши көчөгө чыкса, жаңы үйлөр бузулса не болот? Көзөмөл кылып койсок», — дейт Токтошев.

Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Москвадан иш сапардан келгенден кийин толук түшүндүрмө берерин айтты.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев парктагы үйлөрдү бузууга каршы чыккан. Ал 3 сунуш көтөргөн:

  • парктын жерин мыйзамсыз берилишине күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу;
  • парктагы үйлөрдүн жер салыгын көтөрүү;
  • парктын аймагын тосуп, курулушка тыюу салуу.

Парктын 43 гектар жеринде 198 объект уруксатсыз жайгашкан. Мэрия үйлөрдү муниципалитетке өткөрүп берүүнү талап кылат.

Мэр: Ататүрк паркындагы үй ээлери жерди өздөрү муниципалитетке өткөрүп берсе болот

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>