«Унаа бербегиле». Кайгуул кызматы ата-энелер менен унааларды ижарага бергендерге кайрылды

«Унаа бербегиле». Кайгуул кызматы ата-энелер менен унааларды ижарага бергендерге кайрылды

Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы 25-майда мектептерде өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу ата-энелер менен унааларды ижарага берген ишкерлерге кайрылды.

Кайгуул кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусундагы жол кырсыктардын алдын алуу максатында ата-энелерге жана унааларды ижарага берген ишкерлерге бүтүрүүчүлөргө унаа бербөө керектигин эскертет. Себеби буга чейин жол кырсыгында мектеп бүтүрүүчүлөрү жабыркаган, оор жана өтө оор кесепеттерге алып келген учурлар болгонун белгилейт.

Эскерте кетсек, азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Ал эми айдоочулук күбөлүгү жок жаран унаа башкарган учурда, унаа айып аянтчасына токтотулуп, жаранга 15 миң сом айып салынат.

Кайгуул кызматы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кең келечек каалайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>