Чүйдө 24 жаштагы жигит мурдагы сүйлөшкөн кызын бычак менен коркутуп, уруп-сабаган

Чүйдө 24 жаштагы жигит мурдагы сүйлөшкөн кызын бычак менен коркутуп, уруп-сабаган

Чүйдүн Сокулук районунда мурдагы сүйлөшкөн кызын уруп-сабоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-майда эртең мененки саат 07:20да 21 жаштагы кыз үйүнөн чыгып, жумушка жөнөгөн. Үйүнүн жанынан аны мурдагы сүйлөшкөн жигити тосуп алып, бычак менен коркутуп унаага отургузган. Андан кийин ал кызга моралдык жана психологиялык басып көрсөтүп, уруп-сабаган.

Милиция аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө учурунда аныкталгандай, аталган жаран буга чейин да кызганычтан улам мурдагы сүйлөшкөн кызын уруп сабап, психологиялык басым жасап келген.

Учурда бул ишке шектүү катары 24 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>