Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы Минсктеги мектепке ыйгарылды

Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы Минсктеги мектепке ыйгарылды

Беларустун Минск шаарындагы №11 орто мектебине Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиев. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, бул саамалыкка байланыштуу аталган мектепте салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, окуучулар концерттик программа тартуулаган.

Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Ысык-Көлдүн азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. 1942-жылы аскерге чакырылган. 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. Душманга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн 1944-жылдын 22-июлунда Жумаш Асаналиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>