Сузактагы кырсыктан кийин билим берүү уюмдары коопсуздук чарасын иштеп чыгуусу зарыл

Сузактагы кырсыктан кийин билим берүү уюмдары коопсуздук чарасын иштеп чыгуусу зарыл

Сузактагы кырсыктан кийин билим берүү уюмдары коопсуздук чарасын иштеп чыгуусу зарыл. Бул тууралуу Reporter.kg’ге эксперт Алмазбек Тажыбай билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды массалык иш-чараларга катыштыруунун зыяны жок.

“Ошол үчүн ар бир мектептин коопсуздук боюнча ички саясаты болушу керек. Ошондой эле мектеп жетекчилери да аны билиши шарт”, — дейт ал.

Алмаз Тажыбай Сузактагы окуя билим берүү уюмдарынын (мектеп, районо) жетекчилеринин, милициянин коомдук коопсуздукту камсыз кылуудагы чабалдыгын көрсөткөнүн белгилейт.

“Бул кадр саясатынын калпыстыгы. Башкаруучулук кызматка билими жетишсиз адамдар дайындалат. Ошондуктан мындай трагедия боло берет”, — дейт ал.

Эксперттин айтымында, Сузактагы кырсыктан кийин ата-энелердин мамлекеттик органдарга балдарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишеними жоголду.

“Ошондуктан ата-энелердин балдарын иш-чараларга катыштыруудан коркуп калышты. Эми ар бир мекеме, өзгөчө балдарга билим берүү уюмдары өздөрүнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын саясатын иштеп чыгышы керек. Ал саясаттын ичинде, жалпы иш-чараларга катышуу, өрт, жер титирөө, өзгөчө абал, жол эрежеси, санитардык эреже, буллинг жана башка коопсуздук боюнча алдын алуу стандарттары кабыл алынышы шарт”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынак учурунда балдарды Porter тебелеп кеткен. Анда  29 бала жабыркап, 18и ооруканага түштү. Оор абалдагы 10 бала Жалал-Абаддан Бишкекке которулду.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

«Манас айтуу» сынагы токтотулуп, окуучуларды массалык иш чараларга катыштырууга тыюу салынды.

Сузакта жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетти, 18и ооруканада (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: окуучулар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>