Депутаттар чек арадагы жаңжал боюнча кезексиз жыйынга чогулат

16.09.2022 | 10:52

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анда депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашат.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда “тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды”, – деп билдирген.

Саат 10:15ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top