Ошто милициянын полковниги пара менен кармалды — сүрөт

Ошто милициянын полковниги пара менен кармалды — сүрөт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине  материал катталган.

2022-жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды.

Кармалган кызматкер Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>