ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Дин иштери боюнча агенттиктин төрагасы менен орун басары иштен алынды
09.12.2025 | 10:24
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары Руслан Мусаев аталган улуттук агенттиктин төрагасынын орун басарлыгынан алынды.
Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Азамат Юсупов Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп ушул жылдын апрель айында дайындалган.
Эске салсак, өлкө башчынын жарлыгы менен ушул жылдын апрелинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп кайра түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат