«Дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынса, «Ыйман нуру» шайлоого катыша албай калат»

«Дин тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынса, «Ыйман нуру» шайлоого катыша албай калат»

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынса, динге тиешелүү аты бар саясий партиялар, анын ичинде «Ыйман нуру» келерки шайлоолорго катыша албай калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсуров билдирди.

Комитет жыйынында дин тармагындагы жаңы мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Отурумда депутат Бакытбек Марипов Азамат Юсуповго кайрылып, документтин 9-беренесинде саясий партияларды динге тиешелүү ат менен атоого болбой турганы жазылганын айтып, мыйзам күчүнө кирсе, андай партиялар «келерки шайлоого ат салыша албайбы?» деген собол узатты.

«Ооба. Бул динди саясаттан алыстатуу максатында жасалууда», — деди Юсупов.

Марипов азыр Жогорку Кеңеште «Ыйман нуру» фракциясы бар экенин айтып, алар «кийинки шайлоого катыша албай калабы?» деп сурады.

Юсупов жаңы мыйзам кабыл алынса, аталган партия кийинки шайлоого катыша албай каларын ырастады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>