Директорлукка ат салышкан 153 талапкердин тогузу тесттен өттү
Бүгүн, 28-ноябрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөдөн 9 адам өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тестирлөө 3 нөөмөттө өтүп, ага жалпысынан 153 талапкер катышты.
Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:
– Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
– Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
– Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
– Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
– Кубатбек Асан уулу жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;
– Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер.
Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 токтомунун негизинде билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз