Директорлукка ат салышкан 153 талапкердин тогузу тесттен өттү

Директорлукка ат салышкан 153 талапкердин тогузу тесттен өттү

Бүгүн, 28-ноябрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөдөн 9 адам өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тестирлөө 3 нөөмөттө өтүп, ага жалпысынан 153 талапкер катышты.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

— Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

— Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

— Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

— Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;

— Кубатбек Асан уулу жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;

— Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер.

Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 токтомунун негизинде билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>