Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги он алтынчы интервенцияны жасады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк 12-ноябрда валюта рыногуна 26,8 млн доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.
13-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84.9 сом, евро — 100.8 сомдон 101 сомго бааланууда.
Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы ирет 30-октябрда 42.4 млн доллар сатыкка чыгарып, интервенция жүргүзгөн.