Күн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн ашты
Доллар 85 сом! Улуттук банк 26,8 млн сом интервенция жасады
13.11.2020 | 11:33
Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги он алтынчы интервенцияны жасады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк 12-ноябрда валюта рыногуна 26,8 млн доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.
13-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84.9 сом, евро – 100.8 сомдон 101 сомго бааланууда.
Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы ирет 30-октябрда 42.4 млн доллар сатыкка чыгарып, интервенция жүргүзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика