Америкада COVID менен ооруган бейтап колунун 8 манжасынан айрылды

Америкада COVID менен ооруган бейтап колунун 8 манжасынан айрылды

COVID-19дан айыккан бейтап оорунун айынан колунун сегиз манжасынан айрылган. Анын окуясын чет элдик «People» басылмасы жазды.

53 жаштагы Грегг Гарфилд 2020-жылы февраль айында достору менен Италияга лыжа тебүү сапары учурунда COVID-19 оорусун жуктуруп алган. Ал сапарда өзүн жаман сезип, Лос-Анжелеске келгенде, үй-бүлөлүк дарыгерине оорунун белгилерин айтып, нааразы болгон. Дарыгер Гарфилдге COVID-19 анализдерин тапшырууга көндүргөн, анын жыйынтыгында вирустун оң белгилери чыккан. Америкалык ооруканада дем ала албай, өпкөсүнө оор келген.

Эки күндөн кийин Гарфилд дем алдыруу аппаратына кошулган. Бейтаптын оорусу күч алып кеткен. Дарыгерлер Гарфилддин өмүрү үчүн бүт күчүн жумшагандарын айтып, бирок анын аман калышына 100дөн бир мүмкүнчүлүк беришкен.

Апрелдин башында бейтап реанимациядан кадимки палатага которулган. Ал 22 килограммга арыктап, үч манжасы карарып, кан агымы бузулгандыктан, колундагы сегиз манжанын жогорку фалангаларын кесүүгө туура келген. Ооруканага жаткырылгандан 64 күндөн кийин Гарфилд ооруканадан чыгарылган.

Андан кийин манжаларын жана колдорун калыбына келтирүү үчүн жети жолу операция жасалган. Өпкөнү бекемдөө үчүн америкалыктар күн сайын эллипсоид менен машыгышат.

Гарфилд өзүн «эң бактылуу адаммын» деп эсептейт жана декабрь айында дагы лыжа тебүүнү көздөп жатат. Ал мекендештерин коронавирус пандемиясынан улам бардык чектөөлөрдү сактоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>