Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Дубай адамзатты таң калтыра турчу жарманке өткөрүп жатат
01.10.2021 | 12:01
“Expo 2020” деп аталган жарманке өткөн жылы болбой калып, эми ачылды. BBC News жазганына караганда, 190дон ашык өлкө катышат. 180 күндөн ашык убакытта заманбап техникалык каражаттар, инновациялар, маданияттагы жаңычылдыктар көрсөтүлөт.
Маалыматка караганда, Бириккен араб эмиратынын бийлиги ачылуу аземинде глобалдык проблеммаларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтыктын борбору болоорун билдирди. Ошондой эле бүткүл адамзатынын эсинде кала турган ачылыш болот деп ишендирди.
Жарманкени өткөрүү үчүн 7 миллиард долларга чукул каражат сарпташкан. 18 жаштан улуу бүткүл дүйнө кишилерин чакырууда. Болгону COVID-19 илдетине каршы вакцинадан өтүшү керек. Билеттер жарманкенин расмий сайтында сатылууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар