Президент карыларды куттуктады

Президент карыларды куттуктады

Мамлекет жана коом карыялардын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени, кутман куракка жеткен ата-апалар кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-октябрда Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктоосунда айтылат.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак болорун белгилеген.

«Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет.

Урматтуу аталар, апалар!

Сиздер бар үчүн биз барбыз, биздин мамлекетибиз бар! Ал үчүн сиздерге ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт” деген сыңары, ак батаңар, кеп-кеңешиңер менен өлкөбүздүн өрүшү кеңейип, өркүндөп-өсөрүнө бекем ишенем»,- деп баса белгилеген мамлекет башчысы өз куттуктоосунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>