Бишкек мэрия айдоочу маршруткага киргизбей койгон аялды издөөдө

Бишкек мэрия айдоочу маршруткага киргизбей койгон аялды издөөдө

Бишкек шаардык мэрия кичи автобустун айдоочусу менен болгон окуяда жабыркаган аялды издөөдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-сентябрда социалдык тармактарда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон видео тараган.

Бул окуяга байланыштуу аталган каттамдын айдоочусу ачууга алдырып туура эмес иш кылганын мойнуна алып, ал үчүн жаш келинден жана жалпы Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурап, мындан ары андай иштерди кылбастыгына кепилдик берерин билдирген.

Ленин райондук милициясынан аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча иш козгогон. «№203 маршрутканын 37 жаштагы М.Б. аттуу айдоочу кармалган. Учурда иликтөө иши уланууда.

Маршруткага балалуу келинди киргизбей койгон айдоочуга иш козголду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>