Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өттү

Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өттү

Бүгүн, 16-майда Тажикстандын борбору Душанбе Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтар жетекчилеринин кеңешинин 56-жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышканын аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансчегаралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты жана ыкчам маалымат алмашууну чыңдоо маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле айрым аймактардагы туруксуз кырдаалдын шартында террористтик жана экстремисттик уюмдардан келип чыккан коркунучтарга каршы аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жыйында сөз сүйлөп, КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, чалгын жана ыкчам маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле коопсуздук жаатындагы чакырыктарга биргелешип каршы турууга багытталган бир катар демилгелерди колдоорун билдирген.

Жыйындын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган макулдашуулар кабыл алынып, алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>