Кыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталдыКыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөт
Дүйнө чемпионаты (U-23): Асан Жанышов коло үчүн күрөшөт
23.10.2024 | 09:40
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло байге үчүн күрөшөт.
Жанышов 87 кг салмакта күч сынашууда. Ал килемге 22-октябрда чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Ал катары менен венесуэлалык, армениялык жана украиналык атаандаштарын жеңип, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда бейтарап туу менен чыгып жаткан Ауес Гонибовго 1:3 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.
Коло үчүн беттеш бүгүн, 23-октябрда өтөт. Финалдык кармаштар саат 22:00до башталат.
Азырынча Асан Жанышовдун атаандашы белгилүү боло элек.
Дүйнө биринчилиги 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.