Эч кимге аёо болбойт! Боронов өкмөт мүчөлөрүнө эскертүү берди

Эч кимге аёо болбойт! Боронов өкмөт мүчөлөрүнө эскертүү берди

Эч кимге аёо болбойт! Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында ал эч кандай кемчиликтерге жол берилбеши керек экендигин белгилеп өткөн.

«Коюлган бардык талаптар токтоосуз аткарылышы керек. Баарыбыздан суроо-талап өтө чоң, бул өмүр менен өлүм маселеси. Биздин ката кетирүүгө укугубуз жок», — деген  Кубатбек Боронов.

Ошондой эле ал, контактта болгону үчүн үй карантинине алынгандарды көзөмөлгө алуу боюнча күчөтүлгөн иш жүргүзүү зарылдыгын айткан.

«Укук коргоо органдары эч кандай кыймыл, коңшулар жана туугандар менен тышкы карым-катнаштар болбошун такай көзөмөлгө алуусу керек. Аларга карантинди бузган жана башка жарандарга ооруну жугузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу эскертүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, — деген ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 466 адам коронавирустук инфекцияга чалдыккан учур катталган. 91 адам ооруканадан чыгарылган, 370 жаран медициналык мекемелерде дарыланууда. 5 адам оорудан улам өмүр менен кош айтышкан.

[su_image_carousel source=»media: 26437,26436,26434,26432″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>