Эгемендүүлүк майрамын Жалал-Абадда жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасы берилди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 31-август – Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасын берди.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, быйыл негизги майрамдык салтанат Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган даярдык жыйынында айтылды. Жыйында маданий жана концерттик иш-чаралар, инфраструктуралык долбоорлордун даярдыгы, жарандардын коопсуздугу маселелери кеңири талкууланды.
Касымалиев жооптуу кызматтарга майрамга арналган бардык обьектилерди өз убагында бүтүрүү жана коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча так тапшырмаларды берди.
«Майрамдык иш-чара өткөрүлүүчү бардык жерлерде жарандардын коопсуздугу биринчи кезектеги милдет катары каралышы керек»,-деди МинКаб Төрагасы.