Эки айга камалган ишкер Журат Абдуллаевден 822 млн сом табылды

22.08.2022 | 14:08

УКМК «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин ири суммадагы акча каражаттарынын табылгандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

Табылган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

“Учурда «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын Кыргызстандын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон. Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 150502,150503,150504,150505″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин камакка алынгандыгын маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top