Орусиядагы кырсык: Ооруканадагы 3 кыргызстандыктын абалы оор

Орусиядагы кырсык: Ооруканадагы 3 кыргызстандыктын абалы оор

Кечээ, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан кийин ооруканага жаткырылган 3 кыргызстандыктын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери ооруканада жаткан 3 кыргызстандыктан кабар алган. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Алар дары-дармек менен толук камсыздалган.

Элчиликтин консулдук кызматкерлери окуя жерине барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган.

Учурда каза болгондордун сөөктөрүн мекенине алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертиазалар аяктап, тиешелүү уруксаттар алынгандан кийин атайын учак Ульяновск облусуна учуп кетет.

Элчилик тарабынан кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588+7 977 947 55 80+996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>