Эки айга камалган ишкер Журат Абдуллаевден 822 млн сом табылды

Эки айга камалган ишкер Журат Абдуллаевден 822 млн сом табылды

УКМК «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин ири суммадагы акча каражаттарынын табылгандыгы тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

Табылган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

“Учурда «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын Кыргызстандын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон. Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин камакка алынгандыгын маалымдалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>